Эльвира Сариева кесиптик-техникалык лицейди бүткөндөрдүн 70 пайызы ишке орношуп жатканын айтты

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 10-июлда Бишкектеги кесиптик-техникалык лицейлердеги документ кабыл алуу процессин көрүп чыкты. Сариева №92 жана №100-лицейдин материалдык-техникалык базасы, билим алып жаткандардын тажрыйбасы менен да таанышты. Билим алуунун зарылдыгын айткан өкмөт мүчөсү: "Кыргызстанда кесиптик-техникалык окуу жайлардын мааниси түшүп кетти. Буга карабай андагы бүтүрүүчүлөрдүн 70 пайызы ишке орношууда. Энергетикалык жайларды курууда кесипкөй адистердин талап кылынары күтүлүүдө. Эгер биз жаңы кесипкөй муунду тарбиялай алсак, бул өнүгүүгө чоң түрткү берет",- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан