Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев менен Тажикстандын чек ара башкы башкармалыгынын жетекчиси Ражабали Рахмоналинин телефондук сүйлөшүүсү болуп, эки тараптын чек ара бөлүмчөлөрүнө ок атууну токтотуу боюнча кошумча буйруктар берилгени белгилүү болду.