11-июлда эртең менен берилген маалымат боюнча, учурда кыргыз-тажик чек арасында чыңалган абал өкүм сүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Тамдык” чек ара постунда эки тараптын өкүлдөрү жолугушуп, Кыргызстан тарап ок атууларды токтотуп, тынчтык жолу менен кырдаалды жөнгө салууну талап кылды. Натыйжада саат 21:30да каршы тараптан ок атуу токтотулган.
Бул күнү КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери жаракат алып, Баткен облустук ооруканасына жаткырылган. Анын абалы канааттандырарлык экени айтылууда.