Кыргызстан Баткен облусунун Тамдык тилкесинде кыргыз чек арачылары турган постту албайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан
Гүлмира Бөрүбаева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, 10-июлда Кыргызстандын чек ара башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Тажикстандын
Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. "Рахмонали
Тамдык тилкесиндеги кыргыз чек арачылары турган өтмөктү алып салууну айткан. Бирок пост алынбайт. Азыр ал жерде абал курч бойдон турат. Жол да ачылбайт",- деди Бөрүбаева. Кечээ, 10-июлда ок атышуудан башына жаракат алган жаран аскер кызматкери экени айтылды.