Өзгөн районунда автоунаа жол четиндеги даракты сүзүп, 2 адам каза тапты. Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.
Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында Бишкек-Ош жолунун 618-619-чакырымында Ауди
С4 үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу ылдамдыкта баратып жолдон
чыгып, даракты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен автоунаадан өрт чыгып, 1987-жылы туулган Кара-Кулжа районуна караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну А.Жуманов, ошол эле айылдын тургуну Ш.Калмурзаев окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми үчүнчү жүргүнчү болуп келе жаткан А.Маткасымов оор жаракат менен Куршаб айылдык ооруканасына жеткирилген.