Бишкекте 12-июлда Токтогул көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Муну 11-июлда Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы кабарлады. Көчөнүн бул бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабык турат. Ушу тапта аталган көчөнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү асфальт төшөөгө даярдалып жатат.