Кыргызстан тажик тарапты шашылыш чечим кабыл албоого чакырууда

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов бүгүн, 11-июлда маалымат жыйынында: Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги эч кандай териштирүүсүз эле Кыргызстанды күнөөлөп каршылык нотасын жөнөттү”,- деп билдирди.

Анын айтымында, бул нерсе алардын шашып чечим кабыл алгандыгы же кысым көрсөткөндүгү.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча эч кандай так далили жок эле баа берип,  Кыргызстанды күнөөлөөдө. Бул алардын шашып чечим кабыл алгандыгы же кысым көрсөткөндүгү. Же болбосо, жогорку бийлик менен министрликтин макулдашылбагандыгы. Биз тажик тарапты шашылыш чечим кабыл албоого чакырып жатабыз",- дейт ал.

Бешимов Кыргызстан мындай нотаны аргасыздан жибергенин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан