Ысык-Ата районунда өгөй кыздарын зордуктоого аракет кылган жаран кармалды

Ысык-Ата районунда өгөй кыздарын зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө Кант шаарында жашаган айым кайрылып, 48 жаштагы өгөй атасы коркутуу жолу менен зордуктоого аракет кылгандыгын кабарлаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү жаран кармалган. Иликтөөдө милицияга арыз жазган айымдын 19 жаштагы сиңдиси өгөй атасы бир канча убакыт мурун аны да зордуктоого аракет кылгандыгын, ал окуяны корккондуктан айтпай жүргөндүгүн билдирген.

Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, тиешелүү экспертизалар өткөрүлмөй болду. Иликтөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shkolad87
2014-07-11 12:21:32
жакшы иш кылбаптыр, ушунун баары бекерчиликтенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан