Өлкө башчы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизди

Бүгүн, 11-июлда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2014-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгында көп ирет пайдалануу үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдик документтерди сактоо максатында кабыл алынды.

Ушул максатта КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 553-1-беренеси, ошондой эле Жазык-процесстик кодексинин 89-беренеси жаңы жоболор менен толукталды. Ага ылайык, иш үчүн маанилүү документтердин түп нускасын мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден алып коюуга тыюу салынат. Мындай учурларда ишке тиркөө үчүн документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан