Чүйдө 2 айымды бычактаган жаран күнөөсүн мойнуна алды. Бул боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Таш-Мойнок айылында белгисиз адам мас абалында 2 айымга карата бычак көтөрүп, жарадар кылып, кийин из жашырып кеткен. Бул тууралуу милицияга кабарланып, ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолуп келген 66 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Иликтөөдө аталган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бирок эмне себептен ушул ишке баргандыгын түшүндүрүп бере алган эмес.
Кылмышка шектүү учурда камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.