Чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө мыйзамга толуктоо киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты - Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарынын өзгөчө статусуна байланыштуу чектөөлөрдү киргизүү.

Аталган максатта “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамы 2-1 беренеси менен толукталат. Ага ылайык, өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында кайрылмандарды кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын катышуусу менен кыймылсыз мүлк объекттеринин кандай түрлөрү болбосун, ээликтен ажыратуу менен байланышкан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан