Мексикадагы Сан Педро Уамелула шаарынын мэри балык уулоо жемиштүү болуш үчүн крокодилге үйлөндү. Бул тууралуу 10-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Элде "Ханбийке сырткы күчтөрдүн таасири менен крокодилге айланып калган. Ага үйлөнгөндөн кийин шаарга ийгилик келет" деген ишеним бар. Мындан улам шаар мэри крокодилге үйлөнүүнү чечкен. Эми шаар тургундары балыкчыларга ийгилик келип, балык уулоо жемиштүү болот деп үмүттөнүшүүдө.
Шаар мэри Хоэль Васкес Рохас "ханбийкеге" үйлөнүп жатканына кубанычта экенин айтып, тойдон кийин крокодил менен бийлеген. Жергиликтүү тургундар муундан-муунга өтүп келе жаткан иш-чарага кызуу даярдык көрүп, кичинекей крокодилге үлпөт көйнөгүн да кийгизишкен.
Саамалыкты өткөрүүгө бардык жашоочулар акча чогултушкан, ал эми майрамга салым кошуудан баш тарткандарга айып салынганы айтылууда.