Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды бир базага жыйноо, жарандарды биометрикалык паспорт менен камсыз кылууга аракеттер башталды. 4-июлда бул боюнча алгачкы тендер өтүп, ага катышкан 15тей компания өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарды жыйноодогу тажрыйбасы, технологиялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча сунуштарын беришти. Сунуштарды 21 адамдан турган тендердик комиссия карап чыкты. Кайсы бир компания утуп чыкса, быйыл 1-сентябрдан тарта жарандардын биометрикалык маалыматтары бирдиктүү маалымат базасына чогултула баштайт.
Маалыматтарга таянсак, өлкөдө 3 миллион 880 миң жарандан биометрикалык маалымат топтолмокчу. Адистер мунун артыкчылыгы катары шайлоолорду таза, ачык-айкын өткөрүү, мамлекеттин ички коопсуздугун камсыз кылууда экенин айтышууда.
Бирок биометрикалык маалыматтарды бирдиктүү маалымат базасына чогултуу демилгесине каршы чыккан күчтөр бар экени айтылууда. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Дастан Догоев буларды айтат:
“Тендерге 14 компания катышып жатат. Бирок азырынча компаниялардын кандай экенин билбейбиз. Комиссия мүмкүн болушунча тендерди таза өткөрүүгө аракет кылып жатат. 21-июлда анын жалпы жыйынтыгы чыгып, бир компания жеңүүчү болушу керек. Бирок коомчулукта тендерди өткөрүүгө тоскоолдук кылып жаткан кучтөр бар экендиги жөнүндө маалыматтар тарап жатат. Чындыкка коошпогон ар түрдүү сөздөр чыгууда. Биз ал маалыматтар кайдан алынып, ким билдирип жатканын так билбейбиз. Негизинен тоскоолдуктар жок, тынч эле өтүп жатат. Тендерди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган эч бир компания жок”.
Өткөрүлгөн алгачкы тендер боюнча 10-июлда жыйын өтүп, катышкан компаниялардын квалификациясы жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү каралды. Жыйынтык бүгүн, 11-июлда комиссия тарабынан чыгарылат. Экинчи этапта тендерден өткөн компаниялардын баалары каралмакчы. Тендердин экинчи баскычы июль айынын соңуна чейин өтөрү айтылды.