Жалал-Абадда "атасын өлтүрүп, анын 13 жаштагы кызын зордуктап салды" деп шектелген жаран колго түшүрүлдү

Жалал-Абадда "44 жаштагы жаранды өлтүрүп, анын кызын өзү менен алып кетип зордуктап салды" деп шектелген жаран колго түшүрүлдү. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш кичи районунда 9-июль күнү Исак Ботобаевдин жансыз денеси табылган. Ал эми анын 13 жаштагы кызы дайынсыз жоголгон. Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Сузак районунун тургуну болгон. Ал кызы менен Жалал-Абад шаарында убактылуу жашап турган. 

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну кармалган. Ал мурда адам өлтүрүү, каракчылык жана зордуктоо менен соттолгон, 1970-жылы туулган Көчөров К.А. экени аныкталган. 

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делген Көчөров К.А. өзү менен кошо Айперини алып жүргөнү жана аны зордуктаганы белгилүү болгон. Бул окуя боюнча соттук-биологиялык жана соттук-медициналык  экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Азыркы тапта К.А.Көчөров камакка алынып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
omurbek1990
2014-07-11 13:50:57
омур боюу эркиндигинен ажыратсада аздык кылатда.
+2
XAH
2014-07-11 14:04:16
Кодекске олум жазасын киргизуу к.к! Экинчи жолу кайталанып жасалса олтуруш керек!
+2
MAPAT.YAKUTSK
2014-07-11 14:13:56
бычып ташташ керек деп ойлойм
0
djinn
2014-07-11 18:05:25
жырткыч, айбан эки буттуу олум жазасын буйруса ушундайларга
0
kilim
2014-07-11 19:51:01
бир кылганын кайра кайталатпаш учун олум жазасын бериш кереко
0
gulperi.kg
2014-07-11 20:53:33
Байкуш кыздын акыбалына боорум ооруп турат
0
teto
2014-07-12 09:27:50
Бычып колу бутун жанчып салыш керек, же елге уруксат берсин туугандары еле жазасын берет, аман калсада коляскада олтуруп каланы анык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан