Жалал-Абад облусунун аймагында акыркы 10 жыл ичинде 488 адам өлтүрүү фактысы катталган. Мындай маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай жыйынтык 2003-жылдан 2013-жылга чейинки адам өлтүрүү боюнча кылмыш иштерине болгон анализдин натыйжасында белгилүү болгон. “Белгисиз жагдайда болгон оор кылмыштардын бетин ачуу милиция кызматкерлеринин чоң эмгегин талап кылат” деп кошумчалайт аталган мекеменин басма сөз кызматы.