18-январда Жантөрө Сатыбалдиев Чүй облусуна болгон иш сапары учурунда "жакшы башкаруучунун жоктугунан “Кайыңды кабель заводунун” иштөө абалы начар" деп билдирди. Ал эми ишкананын жетекчиси Бектур Калыковдун айтымында, 20 жыл мурда бул ишкана 20 миң тонна кабель чыгарчу, өткөн 2012-жылы 90 тонна гана чыгарды. Айта кетсек, өкмөт башчы бүгүн Чүй облусунда иш сапары менен болуп, бир катар райондогу маанилүү мекеме-ишканалардын абалы менен таанышып чыкты.