Тажикстанда Баткендеги айланма жолду куруу боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү жүрүп жатат

Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев менен Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон жолугушуп, сүйлөшүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров SUPER.KG порталына бүгүн, 11-июлда билдирди. Айтымында, жолугушууда Баткендеги айланма жолду колдонуу келишиминин долбоору каралып жатат. Ал эми долбоор боюнча тараптар бир жыйынтыкка келбесе, жолдун курулуш иши азырынча башталбайт.

Учурда эки тарап Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолун пайдалануу боюнча долбоорду карап жатабыз. Бүгүн кечке чейин карап, бир жыйынтыкка келебиз. Эгерде бир жыйынтыкка келе албасак, анда кайрадан эки тараптын сунуштары берилет. Бирок буга чейин жолдун курулуш ишин баштоо боюнча чечим кабыл алганбыз. Ал 10-июлда башталышы керек эле. Техникалар даяр турат. Биз бул жактан кечинде чыгып барып, бир жыйынтык айтабыз”,- деди Искандаров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан