Ички иштер министрлиги: "Бишкектеги атышуудан жаракат алган адам Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунан болгон"

Бишкекте чак түштө белгисиз адамдар тарабынан атылган октон жараланган адам Азиз Батукаевдин уюшкан тобунан болгон. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда ИИМден кабарлашты.

Эске салсак, 9-июлда Лермонтов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам Мазда үлгүсүндөгү жеңил унаада отурган жаранга карата бир нече ирет ок чыгарып, из жашырып кеткен.

Жаракат алган адам чечен улутундагы А.Адаев аттуу жаран экени аныкталган. Учурда ага операция жасалып, абалы канааттандырарлык.

Кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери уланууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dadin1
2014-07-11 15:14:24
Адаевти да эркиндике койо бергиле сопровождение менен аэропортко алып барып,самолетко салып, ок тийип, жаратынан улам олгону калды деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан