Бүгүн, 11-июлда Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал талкууланып жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Талкууга эки өлкөнүн вице-премьерлери Абдырахман Маматалиев менен Муродали Алимардон катышууда. Ал эми Чек ара кызматы Дүйшөмбү шаарында эки өлкөнүн чек арачыларынын жабык эшик артында жолугушуусу өткөнү тууралуу маалыматтарды четке какты.
Айта кетсек, буга чейин айрым маалымат булактары эки тараптын Чек ара кызматы Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбүдө жыйналыш курганын жазып жаткан болчу.
Учурда эки тараптын күч органдары окуя боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылды.