“Мен кыргыз парламентинин ишине “5” деген баа бербейм, бирок оң баа бере алам". Мындай билдирүүнү ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 18-январда өткөргөн маалымат жыйыны учурунда билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш башка өлкөлөрдүн парламенти ондогон жылдарда басып өтчү жолду кыска аралыкта басып өттү. "Биз жакшы көрсөткүч менен өнүгүп келе жатабыз” деп кошумчалады төрага.