Жогорку Кеңештин вице-спикерлерин шайлоого багытталган мыйзамга өзгөртүү кирди

Бүгүн, 11-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Ушул жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам ЖКнын төрагасынын орун басарларын шайлоо тартибин тактоого багытталган. Ага ылайык, төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкер бош орун түзүлгөн күндөн тартып тиешелүү фракция тарабынан 10 жумушчу күндүн ичинде сунушталат. Бардык фракциялардын макулдугу менен төраганын бир нече орун басарын шайлоо альтернативдик эмес негизде бирдиктүү тизме менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан