Бүгүн, 11-июлда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев сугат суу маселеси боюнча иш сапары менен Чүй облусун кыдырып келди.
Башында ал облустун Ысык-Ата районунун Гидрокуруучу айылындагы Батыш Чоң Чүй каналынын башкы бөлүштүрүүчү жайына барып, суунун тартыштыгынын себеби менен таанышып чыкты. Муну ага Чүй облусунун Суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов картадагы бардык дарыяларды, каналдарды, суу сактагычтарды көрсөтүп түшүндүрүп берди.
Суунун жетишпегени эмне себептен болуп жаткандыгынан кабардар болгон Т.Сарпашев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн элге маалымат берилбегендиги үчүн сынга алды. “Дыйкандардын арасында “суу Казакстанга сатылып жатат” деген ойлор пайда болууда. Анткени силер ММКлар аркылуу суу маселеси боюнча маалыматтарды тараткан жоксуңар”,- деди биринчи вице-премьер. “Эски советтик ыкмаларды колдонуп жатасыңар. Өнүккөн өлкөлөрдөй тамчылатып сугаруу ыкмасын пайдалануу боюнча стратегияны иштеп чыккыла”,- деп буюрду ал.
Андан соң облустун Панфилов районунун Октябрь айылына жөнөдү. Ал жакка барганда жергиликтүү дыйкандар аны тосуп алышты. “Быйыл сугат суу келбей, абдан кыйналдык. Силер журналисттер менен келгенде гана суу агып, кеткениңерде кайра токтоп калат”,- деп арызданышты дыйкандар.
Буга Т.Сарпашев: “Чүй облусундагы суу маселесин бирдиктүү штаб түзүү менен чечебиз. Сугат сууну уурдоого күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Анткени сууну уурдоо кылмышка тең”,- деп жооп берди.