Биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана программалык камсыздоо үчүн тендердин экинчи туруна 7 компания өттү

Бүгүн, 11-июлда Бишкекте биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана программалык камсыздоо үчүн жабдууларды жеткирүүчүнү тандоо боюнча тендердин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Тендердик комиссия биринчи турдун жыйынтыгында 7 компанияны өткөрдү.

Экинчи турга төмөнкү компаниялар катышуу укугун алышты: Монголиянын “Интер Актив”, Германиянын “Гизеке энд Девриент” жана “Мюльбауер”, Франциянын “Гемальто”, “Морфо” жана “Обертюрь”, ошондой эле нидерландылык “Смартматик” компаниялары.

Айта кетсек, биринчи тур кечээ, 10-июлда өткөрүлгөн болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан