Коомдук уюмдун өкүлү Бишкек мэриясынын имаратында пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.
Маалыматтарга ылайык, Муниципалдык базар, унаа токтотуучу жайлардын дирекциясынын жетекчисинин орун басары Жоомарт Дүйшембиев укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, “Акыйкат-Ордосу” коомдук уюмунан келгендигин айткан адам дирекциядагы мыйзамсыз иштерди ачыктап салуу менен опузалап пара талап кылып жаткандыгын билдирген. Бул боюнча атайын жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан Ш.Р. аттуу жаран 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.
Кармалган мезгилде анын жанынан коррупцияга каршы "Акыйкат-Ордосу" жана БУУнун колдоосундагы "Адамдардын жарандык укуктарын коргоо" коомдук уюмдарынын күбөлүктөрү болгон.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.