Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын аскер кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.
Маалыматка ылайык, Башкы штабдын роталарынын биринин командири М.А., Р.К. аттуу аскер кызматындагы адамдын тоноочулук фактысына тиешеси бардыгын айтып жана ага карата кылмыш ишин козгоо менен опузалап, Р.К. аттуу аскер кызматкеринин жакын тууганынан 10 миң сом пара талап кылган.
Атайын жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында укук коргоо кызматкерлери тарабынан М.А. жана Т.Н. аттуу аскер кызматкерлери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышкан.
Аталган факт боюнча “опузалап пара талап кылуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголду.