Эртең, 12-июлда казак өкмөт башчысы Карим Масимов Кыргызстанга иш сапары менен келет. Өкмөт аппараты Масимов өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугуша турганын айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанга мунай жана мунай продуктуларын ташуу, сүттү кайра иштетүүчү ишканаларынын продукцияларын жана этти Казакстанга ташуу маселесин талкуулашат. Ошондой эле “Кыргыз-казак түз инвестициялар фонду” АКсын ишке киргизүүнү активдештирүү маселелери да каралат.
Сапардын алкагында “Ак жол”-“Кордай” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунда биргелешкен түрдөгү текшерүү өткөрүлүшү пландаштырылууда.