Кадамжай райондук гезитинин башкы редактору
Кайрат Жапаровдун жана анын инисинин өзбекстандык жарандар тарабынан сабалышы боюнча Кыргызстандын жана Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу 11-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кайрат Жапаров Чоң-Гара анклавы аркылуу бара жатып, суу алуу үчүн токтогон. Ошол учурда жергиликтүү тургундар менен чыр-чатак башталган. ММКлардагы маалыматтарга караганда, окуя журналисттин кесибине байланыштуу эмес. Министрликтин маалыматтык-саясат бөлүмү Кайрат Жапаров менен байланышканда, журналист сабалгандыгын ырастаган. Иликтөөнүн жүрүшүндө окуянын келип чыгуу себептери аныкталып, журналисттин сабалгандыгы анын жумушуна байланыштуу болсо, министрлик тийиштүү чараларды көрөт" деп айтылат маалыматта.Эске салсак, Кадамжай райондук гезитинин башкы редактору Кайрат Жапаров жумуштан чыгып, Ак-Турпак айылына унаасы менен бара жатса, Өзбекстанга караштуу Жигит-Пирим айылынан чыга калган он чакты жигит себепсиз эле сабап салышканын айткан эле. Жанындагы иниси да сабалып, экөө оор жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган. Ошондой эле журналистке тиешелүү унааны өзбекстандык жигиттер талкалап салышканын маалымдаган.