Жылнаама, 12-июль: Мындан 70 жыл мурун театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева туулган

* Мындан 20 жыл мурун, 1994-жылы Кыргызстанда уюлдук телефон биринчи жолу шыңгырап, ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз-Америка телефону) болгон.
* Мындан 70 жыл мурун, 1944-жылы театр жана кино артисти, КРнын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева туулган. Ал Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлүп, Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектебин бүтүргөн. 1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институттун драма жана кино актёру факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын труппасына кирген. 
Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Аны Кыргызстанда "сахнанын ханышасы" деп аташкан. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, ролдорун жеткиликтүү аткарган. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы АКШда Калифорниянын шаардык соту карамель момпосуйларын чыгарган фирманы алардын конфетинен какап каза болгон баланын өлүмүнө күнөөлүү деп тапкан.
12-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан