Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Бүгүн, 12-июлда президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жакында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы курал колдонулган окуялар талкууланды. А.Атамбаев анда мамлекеттик чек арада кырдаалды мындан ары турукташтыруу боюнча бардык чараларды колдонуу милдетин тапшырды. Мамлекет башчы өлкөнүн мамлекеттик чек арасын чыңдоо жана аны кайтарууну күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан