Аламүдүн районунда автоунаа күйүп, ээси унаанын ичинде жан берди

Кечээ, 11-июлда Аламүдүн районунун Озёрное айылында жолдо Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автоунаа (мамлекеттик номуру №В90-44F) толугу менен күйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, автоунаанын ичинен 1 адамдын жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине тапшырылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана маркумдун ким экендиги такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан