Баткен облусундагы Ак-Сай – Көк-Таш – Тамдык – Кишемиш унаа жолунун курулушу облустагы кырдаал турукташканда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Өкмөт үйүндө болгон маалымат жыйынында КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, куруу иштери тажик тараптын өтүнүчү менен токтотулду. “Тажикстан тарап Баткен облусундагы атышуудан улам болгон кырдаал турукташканга чейин курулушту токтотууну суранышты. Биз макул болдук. Унаа жолун курууга биз толугу менен даярбыз. Техника, каржылоо жана башка тиешелүү маселелер чечилген”,- деди ал.
Эскерте кетсек, 10-июлда түшкө маал кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен.