Баткендеги атышуудан улам тажик тараптан 2 адам каза таап, 7 адам жаракат алган

"Баткендеги атышуудан улам тажик тараптан 2 адам каза таап, 7 адам жаракат алды",- деди бүгүн, 12-июлда тажик тарапка шилтеме берүү менен КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев.
Анын айтымында, аталган окуяда кыргыз тарабынан бир чек арачы жеңил жаракат алды.
Айта кетсек, 10-июлда түшкө маал кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. Андан улам тажик тарабынан 1 адам көз жумуп, 5 адам жаракат алгандыгы боюнча маалыматтар тараган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан