“Кыргыз-тажик чек арасында кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар болушу мүмкүн”,- деди бүгүн, 12-июлда Өкмөт үйүндө болгон маалымат жыйынында КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев.
Анын айтымында, айрым массалык маалымат каражаттарында “Тажикстандын расмий бийлик өкүлдөрү Ак-Сай – Көк-Таш – Тамдык – Кишемиш унаа жолунун курулушуна каршы чыгышууда” деген чындыкка туура келбеген кабарлар чыгып кеткен. “Тажикстандын жетекчилери жолдун курулушуна кызыкдар. Бул тууралуу тиешелүү протоколдор түзүлгөн. Биз аларды ишке ашыруу максатында биргеликте иштеп жатабыз”,- деди вице-премьер-министр.