“Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы миңдеген гектар жерге кызыкдар”,- деди бүгүн, 12-июлда Өкмөт үйүндө болгон маалымат жыйынында Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча КРнын Өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров.
Анын айтымында, тажик тарап бул кызыкчылыгын оозеки айтып, расмий түрдө билдирүү же кайрылуу жасаган эмес. "Биз Тажикстан кызыкдар болгон жердин аянтын эсептеп чыксак, 135 миң гектар жер экени аныкталды",- деди ал.
“Тажикстан мамлекеттик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө 1924-1926-жылдары бекитилген карталарга жана документке таянууда. Айта кетейин, ал учурда Тажикстан Өзбекстандын курамына кирген болчу. Мындан тышкары 1924-1926-жылдары мамлекеттик эмес, аймактык чек аралар бекитилген. Бирок буга карабастан, Тажикстан бизге "ушул документти кабыл алгыла" дешүүдө”,- деп түшүндүрдү К.Искандаров.