Бүгүн, 12-июлда ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаарында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды.
Маалыматка ылыйык, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери Хонда Инспайр үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру жок унааны токтотушкан. Унаа текшерилип, жыйынтыгында 24 жаштагы жүргүнчүнүн жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча 7 огу менен табылган. Анын Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги аныкталган. Куралды мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча 24 жаштагы жаран камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.