40 жаштагы жарандын кулагын кесип салган кылмышка шектүүлөр кармалды

40 жаштагы жарандын кулагын кесип салган кылмышка шектүүлөр кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 12-июлда ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Ош шаарында 40 жаштагы жаранга белгисиз бирөөлөр кол салып, сол кулагын кесип салышкан. Оперативдүү издөө иштеринин жыйынтыгында Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2 жаран колго түшүрүлгөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын экөө тең Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышып жүргөнү аныкталды. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Aizatnur
2014-07-12 17:53:10
жиндилер десе оздорун да ошондой кылып жазалаш керек да
+3
Beko87
2014-07-12 18:19:08
Демек кулагы кесилген адам "Каршкыр"дын адамдары болуш керек.мурдатан бери бир бирин адамдарын кулактарын кесип жургон!
0
jypara1415
2014-07-12 19:25:36
Россиянын бир шаарында да , кыргыз эле балдар бир кыргыз баланын кулагын кесишкен эле . Бул эмне деген шумдук.....
0
Alicia
2014-07-12 22:54:09
Ozdorunun eki kulagyn teng kesip salsa eken
0
Ailyna
2014-07-12 23:44:47
Оздорунун кулагын кесип салса
0
Sharipa-asia
2014-07-12 23:54:02
Шумдук ай эмне эле болуп баратышат
0
bazar
2014-07-13 04:24:45
Кулагын тиштеп жулуп алгандар деле болуп жатат...
0
insap
2014-07-13 09:45:36
"Kulakchylar" kuturgan eken da?...
0
Azaliya-14
2014-07-13 13:41:38
Корко турган заман болуп калдыго
0
elgiz0890
2014-07-13 14:26:52
даа касапчылар кобойуп кетиптир крда
0
beka88
2014-07-13 15:13:54
бул оздорунун закону да,жон эле бараткан кишинин кулагын кезбегенго алдын да бир иши бар да аткара албай калган ошол учун кулак кетти,
0
infiniti
2014-07-13 18:27:11
Шестеркалардын кулактарын ушинтип кесишчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан