“Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал турукташты деп айтууга али эрте” дейт вице-премьер-министр

Бүгүн, 12-июлда КРнын Коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев эки күн мурун кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга байланыштуу жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрдү. Ал “чек арада кырдаал турукташты деп айтууга али эрте” деп билдирди.

Баткен облусундагы Ак-Сай – Көк-Таш – Тамдык – Кишемиш унаа жолунун курулушу тажик тараптын өтүнүчү менен токтотулду. Тажикстан тарап Баткен облусундагы атышуудан улам болгон кырдаал турукташканга чейин курулушту токтотууну суранышты. Биз макул болдук. Унаа жолун курууга биз толугу менен даярбыз. Техника, каржылоо жана башка тиешелүү маселелер чечилген”,- деди вице-премьер.

Тажикстандын күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен А.Маматалиев эки күн мурун, 10-июлда түшкө маал кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкендигинен улам тажик тараптан 2 адам каза таап, 7 адам жаракат алгандыгын маалымдады. Ошондой эле “кыргыз тарабынан жеңил жаракат алган бир чек арачынын абалы канааттандырарлык деп кошумчалады.

“Тажикстандын жетекчилери жолдун курулушуна кызыкдар. Бул тууралуу тиешелүү протоколдор түзүлгөн. Биз аларды ишке ашыруу максатында биргеликте иштеп жатабыз. Ал эми кыргыз-тажик чек арасында кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар болушу мүмкүн. Анткени чек арадагы маселе боюнча бир топ жалган маалыматтар чыгып жатат”,- деди А.Маматалиев.

Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча КРнын Өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун айтымында, Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы 135 миң гектар жерге кызыкдар экенин оозеки айтып, бирок расмий түрдө билдирүү же кайрылуу жасаган эмес.

“Тажикстан мамлекеттик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө 1924-1926-жылдары бекитилген карталарга жана документке таянууда. Айта кетейин, ал учурда Тажикстан Өзбекстандын курамында эле. Мындан тышкары 1924-1926-жылдары мамлекеттик эмес, аймактык чек аралар бекитилген. Бирок буга карабастан, Тажикстан бизге "ушул документти кабыл алгыла" дешүүдө”,- деди Искандаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан