Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 18-январдагы Чүй облусуна болгон иш сапарында Панфилов районунда жайгашкан “Чалдыбар” чек ара бекетине барды. Чек ара абалы менен таанышып чыккан соң премьер-министр ал жердеги 10 үйдү башка жерге көчүрүү зарыл экендигин айтты. Себеби кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан ал турак жайлар чек арадан өтүүдө унааларга жана адамдарга тоскоолдук жаратарын кошумчалады. Өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлү Айбек Азыранкулов бул үйдүн ээлерине жер бөлүп берүүгө даяр экенин билдирди. Жантөрө Сатыбалдиев облус жетекчисине турак жайды которууга канча каражат сарптала тургандыгын эсептеп, аларды көчүрүүнүн бир нече пландарын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.