* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы жазуучу, коомдук жана саясий ишмер
Султан Раев Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында төрөлгөн. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1984-2002-жылдарга чейин республикалык басма сөздөрдө иштеген. 2010-жылдын июнь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 2012-жылдын мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, ал эми 2012-жылдын 7-мартынан 2014-жылдын 4-апрелине чейин КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри болгон.
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Пакистандын Готки шаарына жакын жерде жүргүнчү ташуучу 3 поезд кагышкан. 132ден кем эмес адам каза болуп, бир нече жүздөгөн адам жаракат алышкан.
* Мындан 24 жыл мурун, 1990-жылы Памир тоосундагы Ленин чокусунда кар көчкү жүрүп, 43 чет элдик альпинист каза болгон.