Ош. “Апшыр-Ата” эс алуучу жайында жоголгон 2 жаштагы баланын жансыз денеси суудан табылды

Ош облусунун Ноокат районунда 11-июль күнү саат 00:15те Баглан айылынын тургуну Куштаров Өмүрбек баласы менен “Апшыр-Ата” эс алуучу жайына эс алганы барышкан. Анда уулу, 2012-жылы туулган Куштаров Нурелди жоготуп жиберген. 

Дайынсыз жоголгон баланы издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМнын Кызыл-Кыя шаарындагы №4-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу тартылган. Натыйжада 2014-жылдын 12-июлунда саат 17:25те баланын жансыз денеси суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nora00
2014-07-14 09:08:34
кааап
0
kipchak
2014-07-14 09:58:28
Жаш баладан коз албай караш керек.
+1
Chuin
2014-07-14 10:14:04
00:15 өткөндө эмне кылып атты экен. Өмүр шамы ушунча экен. Аманатын кайтып алды. Этияттык керек.
0
sumaia.kg.kg
2014-07-14 10:46:52
карангыда баласын жакшылап карабайбы десен каап аябай окунучтуу
0
Sagidko88
2014-07-14 11:42:58
Алла ушундайдан сактасын, жаман иш болуптур(
0
Likvidator
2014-07-14 13:21:04
Бул зээн кейиткен иш 10-июль куну чакалайдын чак тушундо болгон. Ошол куну досум экообуз эс алып балык уулап жургонбуз. Туш ооп калган учурда бир машинада эки аял жана бир киши келип бизден "ушул жерден эки жашар бала агып отподубу" деп сураса тан калып отуруп калдык. Агып баратканын коргон адам кантип жардам бербей койсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан