Баткен. Жайлоодо сууга агып кеткен 64 жаштагы тургунду издөө иштери жүрүүдө
Баткен районунуна караштуу Ак-Сай айыл аймагындагы Кишемиш жайлоосунда 1950-жылы туулган Гулматов
Курманбек Каламбекович Кишемиш дарыясына агып кеткен. 10-июлда издөө
иштерин жүргүзүүгө кыргыз-тажик чек арасынын жабылышы тоскоол болгон. 12-июлунда издөө иштерине КР ӨКМнын 3-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылган, издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.