Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Ысык-Көлгө чөгүп кеткен жарандын денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди
Тоң районунун Совхоз айыл аймагындагы Кекилик чегинде 10-июлда саат 15:50дө 1983-жылы туулган Бакыт Байсынов Ысык-Көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМнын №15-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. 2 күндөн кийин, 12-июлда чөгүп
кеткен адамдын жансыз денеси табылган. Анын денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 13-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.