Октябрь райондук соту Бишкек шаарынын экс-мэри Өмүркулов жана аны менен кошо айыпталып жаткан бир катар кызматкерлерге карата соттун чечимин жарыялоону 14-июлга калтырган эле. Бүгүн сот ооруп калгандыгына байланыштуу Иса Өмүркуловдун соту 23-июлга жылдырылды. Соттук ишти судья Жамиля Сабитова карап жаткан.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүшүүдө.