Бүгүн, 14-июлда Фрунзе жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Белгилүү болгондой, жогорудагы көчөлөрдүн кесилишинде Ниссан Марч жана Фольксваген-Венто үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп кеткен.
Күбөлөрдүн айтымында, Ниссан Марч унаасы Фрунзе көчөсү менен батышты көздөй бара жатып Исанов көчөсүнө, түштүктү көздөй бурулууга аракет кылганда карама-каршы келе жаткан Фольксваген Венто унаасын сүзүп алган. Кырсыктан унаалардын маңдайкы бөлүгү жараксыз абалга келди.