"Бишкектин тургунун бычак менен коркутуп, телевизорун алып кетишкен" деген шек менен 4 жаран кармалды

"Бишкектин тургунун бычак менен коркутуп, телевизорун алып кетишкен" деген шек менен 4 жаран кармалды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-июлда билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Антон аттуу Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, үйүнө белгисиз 4 адам кирип келип, бычак менен коркутуп, 25 миң сомдук телевизорун алып кеткендигин жана 14 миң сомго бааланган компьютерин талкалап салышкандыгын билдирген.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Игорь, Иван, Никита жана Айбек аттуу жарандар түнкү милиция тарабынан кармалышкан. Учурда шектүүлөр камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
guzatkubaanvar
2014-07-14 13:19:30
Футбол королу дешсе керек:)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан