Орусияда катуу шамалдан улам кулаган дарак эгиз кыздардын өмүрүн алганы айтылды

Өткөн аптанын соңунда Орусиянын Новосибирск аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы +40°Cден +20°Cге чейин түшүп кеткен. Натыйжада шаарда мөндүр жаап, шаардык көлдө эс алып жаткандар, сууда сүзүп жүргөндөр мөндүрдөн жашынууга аракет кылышкан. Ал жерде жаракат алгандар тууралуу маалымат жок. 

Жаратылыш кубулушу башка аймактарда адам өмүрүн алган учурлар менен коштолгон. Новосибирск облусундагы катуу шамалдан кулаган дарак бир айымдын өмүрүн алган. Ошондой эле эс алуучулардын чатырына дарак кулап, 3 жаштагы эгиз кыздардын өмүрүн алганы айтылды. Чатырдын ичиндеги үчүнчү кыз ооруканага жеткирилген. Окуя Обск суу сактагычынын жанындагы "Чайка" эс алуучу жайында орун алган. Кыздардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. 

Новосибирск облусунда жаратылыш кырсыгынан улам жүздөгөн турак үйлөр жарыксыз калса, бир нече унаа жараксыз абалга келген. Аймактын жетекчилиги жаратылыш кубулушунун кесепеттерин жоюу багытында аракеттерди көрүүдө. Бул тууралуу 14-июлда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Сибирдеги мөндүр эгиз кыздардын өмүрүн алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
meerim8793
2014-07-14 12:41:43
Чын эле аябай катту шамал болду.
Дагы деле бир аз шамал болуп жатат, күн суук болуп кетти
0
Asus77
2014-07-14 15:50:37
Бул дагы Аллах Тааланын пенделерине берген эскертуусу...
0
sabyr_myrza
2014-07-14 16:39:14
Биздин да эс алуубуз жаан аралаш мондурдун чабуулунун айынан токтоду, ошол пляжда биз да сууга тушуп аран качып жонодук, баары жогубуз суу болуп
0
Kumush_94
2014-07-14 22:42:17
кун жакшы,тийийп туруп эле,бир убакта жамгыр катуу жаап,шамаал болдугоо, абббдан корктук,эми АЛЛАХ ажалды кай жерден жазса ошол жерден кете берет экенбиз да(((
+3
sabyr_myrza
2014-07-14 23:34:32
Kumush_94, туура айтасыз.
0
samar55
2014-07-15 01:32:25
Кырсык айттырбай келет да сак болгула мекендештер.Биз дагы ошол жака левый берегден барчу элек .площадь маркста турчумун азыр москванын сасык колмолоруно чомулуп журобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан