13-июлдан 14-июлга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Аргентина менен Германиянын беттешинен кийин Буэнос-Айрес шаарынын борбордук бөлүгүндө баш аламандык орун алды. Оюн эсеби Германиянын пайдасына 1:0 менен аяктаганда Аргентина курамасынын күйөрмандары жаңжал чыгарышып, натыйжада 15тей полиция кызматкери жаракат алышты. Баш аламандыкка күнөөлүү катары 30га чукул жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу 14-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Финалдык оюндарды миңдеген күйөрмандар борбор калаадагы Тогузунчу июль проспектинде көрүп жатышкан. Оюн бүткөндөн кийин жарандардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кеткен. Бирок беттештин жыйынтыгына нааразы болгондор унаалардын, имараттардын терезелерин талкалап башташкан.
Көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон укук коргоо органдарына баш аламандыкка катышкандар каршылык көрсөтүшкөн. Баш аламандык учурунда журналисттердин тартуучу тобуна таандык 2 унаа, бир нече бар, театрдын имараты жараксыз абалга келген.