Бишкекте дарактын башына чыгып, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаранды куткаруучулар сактап калышты

Бишкекте дарактын башына чыгып, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган жаранды куткаруучулар сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдан бүгүн, 14-июлда билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Бишкектин Темиров көчөсүндө эркек адам дарактын башына чыгып, моюнуна темир зым ороп, аны бутакка байлап салган. Ошондой эле айнектин сыныгын кекиртегине такап, өзүн өзү өлтүрө тургандыгын билдирген. Куткаруучулар окуя болгон жерге барганда аталган жаран жанына киши жолотпой жаткан. Куткаруучулар аны менен сүйлөшүп, эмнеден улам мындай кадамга баргандыгын сурап алаксытып турушкан. Бул убакта куткаруучулардын бири байкатпастан даракка жакындап, өз жанын кыймакчы болгон жарандын колунан айнектин сыныгын тартып алып, анын өмүрүн сактап калган. Кийин башка куткаруучулар жана жарандын туугандары анын моюнунан зымды чечишип, жерге алып түшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baktiar93
2014-07-14 13:21:55
Tooba
0
Jadyrashka
2014-07-14 21:46:05
Сарайга кирип озун асса эч ким корбой олуп калат эле да а, ошого дарактын башына чыгыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан