Ысык-Көл. "Иним чагылгандан эмес, РЭСтин айынан токко тартылып мерт болду" дейт маркумдун эжеси

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кажы-Сай айылына 8-июлда чагылган түшүп, райондук электр тармактарынын кызматкери, 40 жаштагы Ишен Күсөгөнов темир түркүктө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда чагылган түшүп каза тапкандыгы айтылган эле. 

Ал эми бүгүн, 14-июлда маркумдун бир тууган эжеси Бактыгүл Тазабекова SUPER.KG порталына өзү байланышып, акыйкат издеп жаткандыгы тууралуу кабарлады. 

Анын айтымында, 8-июль күнү окуя таптакыр башкача болгон. “Ошол күнү иним Ишен Күсөгөнов зым карагайдын башында иштеп жатканы чындык. Бирок ал окуя болгон күнү жамгыр саат 15:30 чамасында башталган. Ал эми каргашалуу окуя саат 14:30 чамасында болуптур. Иним зым карагайдын башында кызмат аткарып жатканда РЭСтин борбордук бөлүгүнөн токту коё берип жиберишиптир. 

Натыйжада иним токко тартылып каза тапкан. Эртеси Караколдон адистер келип, экспертизадан өткөрүшүп, “токко тартылып өлгөн” деген жыйынтык чыгарып беришти. Бирок ӨКМ ал маалыматты жокко чыгарып, ошол эле күнү бардык маалымат булактарына “чагылган тийип каза тапты” деген маалыматты таратып жиберген экен. 

Мындай окуя көп эле болот. Шалаакылыктын айынан аталган РЭСте иштеген канчалаган балдар мунжу болуп калышты”,- деди Бактыгүл Тазабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kamarik
2014-07-14 14:38:21
Туура рес мойнуна алгысы кевейт да
0
uluk1982
2014-07-14 18:26:53
мен да тан калып койдум эле....
0
samar55
2014-07-15 01:23:55
Уриаттуу форумчулар мен мурунку Чыгышэлектр ОАО нун кызматкери катары айтсам мындай каргашалуу окуялар коп учурда кызматкерлердин шалаакылыгынан келип чыгат.Себеби атайын инструктаж ж.б окутуу .практикалык иштер текшеруулор оз убагында болбогондугун мекеменин жетекчилери моюндарына алышса.Мен иштеп жургон учурда канчалаган кесиптештерим кырсыка кабылышты.кобу атайын адистер эмес тууган тааныш аркылуу киргендер.Электрик 2 жолу жанылат 1 окуусун окуганда.2 иштеп атканда.
+1
samar55
2014-07-15 01:27:04
Азыркы учурда рф да иштейм бул жакта баардыгы так жана оз убагында каралып тургандыктан кырсыктар аз кездешет.Бул макала боюнча РЭСтин куноосу бар экенине козум жетип турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан