Бишкекте "унаа уурдаган" деген шек менен 4 жаран колго түшүрүлдү. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, борбор калаанын Тилек аттуу тургунунун Мерседес-Бенц унаасын Жаш Гвардия көчөсүнөн белгисиз адамдар айдай качышкан. Милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Нурболотту кармашкан.
Ошондой эле милиция кызматкерлерине Улан аттуу жаран кайрылып, Хонда Аккорд унаасын үй алдында токтоп турган жеринен белгисиз адамдар мыйзамсыз айдап кетишкендигин билдирип, изи сууй электе кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Максат аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.
Буга катар эле Марсель жана Азат аттуу жарандар "Кубанычбек аттуу адамга таандык Гольф 2 унаасын айдай качышкан" деген шек менен колго түшүрүлүшкөн. Учурда аталган окуялар боюнча иликтөөлөр уланууда.